Шылуундардан сак болуңуз! Улуттук банк эскертет

Шылуундардан сак болуңуз! Улуттук банк эскертет

Заманбап шылуундар барган сайын кыргызстандыктардын жеке маалыматтарын жана акча каражаттарын банктык карталардан жана электрондук капчыктардан алдап алуунун жаңы жолдорун таап жатышат.

Шылуундар телефон чалуулар аркылуу сиздин акчаңызды кийин өздөрүнө которуп алуу үчүн уурдап алуу же сиздин атыңызга онлайн-кредит алуу максатын көздөшөт. Мисалы, кыргызстандыктарга өздөрүн коммерциялык банктын кызматкери деп тааныштырган шылуундар чалып, үчүнчү жактар ​​тарабынан алардын атына онлайн-кредитти каттоо учурунда алардын жеке маалыматтары ачыкка чыгып кеткенин билдириши мүмкүн. Андан кийин өзүн Улуттук банктын кызматкери деп тааныштырган адам байланышка кошулуп, Улуттук банктын жасалма күбөлүгүн же башка документин көрсөтүп, сиздин акчаңызды сактап калууну шылтоолоп, акчаңызды корголгон коопсуз эсепке которууну сунуштайт.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эскертет – мындай билдирүүлөргө ишенбеңиз!

Эч бир банк же электрондук капчык сизден телефон аркылуу паролду же ПИН-кодду айтууну эч качан сурабайт. Дал ошондуктан санариптик технологиялар дүйнөсүндө финансылык каражаттарыңыздын коопсуздугун камсыз кылуу абдан маанилүү болууда.

Сиз өзүңүздү кантип коргой аласыз?

1. Эгерде сизге өзүн банктын же башка төлөм уюмунун кызматкеримин деп тааныштырган адам телефон чалса, сүйлөшүүнү токтотуңуз. Сүйлөшүп жатканда эч качан видеобайланышты же экранды бөлүшүүнү баспаңыз, жеке (купуя) маалыматтарыңызды (ИНН, ПИН-код ж.б.) эч кимге бербеңиз, сиз тууралуу эч кандай маалыматты ырастабаңыз.

2. Эгерде телефон чалуу сизде шектенүүнү жаратса, анда ал банктын расмий сайттарында же мобилдик тиркемелеринде көрсөтүлгөн расмий номерлерге чалыңыз же жакынкы тейлөө кеңселерине кайрылыңыз.

3. Эсиңизде болсун, эч бир банк жана Улуттук банк уруксатсыз онлайн-кредиттер катталганы боюнча же жеке маалыматтардын ачыкка чыгарылганы боюнча эч качан телефон чалбайт жана кызматкерлердин күбөлүктөрүн жана башка расмий документтерди мессенджерлер аркылуу жөнөтүшпөйт.

4. Белгисиз адамдардан келген электрондук каттарды же билдирүүлөрдү ачпаңыз.

5. Шектүү шилтемелерге кирбеңиз. Браузердин сапчасындагы сайттын дарегин дайыма текшериңиз, эгерде ал расмий сайттын дарегинен айырмаланса, анда бул шылуундардын сайты.

6. Банктык карталарга же капчыктарга кирүү үчүн табууга кыйын болгон, татаал паролдорду колдонуңуз жана аларды алмаштырып туруңуз.

Эсиңизден чыгарбаңыз, шылуундардын схемалары өзгөрүп турушу мүмкүн, бирок алардын башкы максат – сизди ишендирип, эсебиңизден акча котортуп алуу.

Эгерде сиз шылуундардын курмандыгы болуп калсаңыз, сураныч, картаңызга же эсебиңизге блок коюу үчүн бул тууралуу дароо банкка билдириңиз, андан кийин дароо укук коргоо органдарына арыз менен кайрылыңыз.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жана социалдык тармактарында колдонуучулар үчүн маанилүү маалыматтар жайгаштырылган.

Финансы-кредиттик уюмдардын расмий сайттарындагы жана мобилдик тиркемелериндеги жаңылыктарга жана билдирүүлөргө көз салып туруңуз.

05.07.2024