Кредиттер мурдагыдан да жеткиликтүү — дароо «Акча Булак» МККсынын сайтынан тариздеңиз


«Акча Булак» микрокредиттик компаниясы санариптик кызмат көрсөтүүлөрүн кеңейткендигин жарыялайт. Эми кардарлар кредитти «Мой О!» мобилдик тиркемесинен гана эмес, компаниянын расмий сайтынан да ала алышат.


Онлайн түрүндөгү ыңгайлуу кызмат көрсөтүү — сизге зарыл учурда үйдөн чыкпастан 13500 сомго чейин алууга мүмкүндүк берет. Тариздөө үчүн паспорт гана талап кылынат.


Сайттан онлайн-кредитти кантип алса болот?


1. akchabulak.kg сайтын ачыңыз.

2. Жеке кабинеттен тез идентификациядан өтүңүз.

3. Өтүнмөнү толтуруп, бардык зарыл документтерге онлайн түрүндө кол коюңуз.

4. Кредит кабылданган соң акча каражаттары «Халык Банк Кыргызстандын» банктык эсебине же «О!Деньги» электрондук капчыгына түшөт.


Кредит тууралуу толук маалымат сайттан да, «Мой О!» тиркемесиндеги жеке кабинеттен да жеткиликтүү болот.


Түшкөн сумманы — эсептерди жана сатып алууларды төлөгөнгө сарптап, бүткүл өлкө боюнча O!Store дүкөндөрүнөн же нактаматтардан накталатса болот.


Ошондой эле, кредитти комиссиясыз төлөө оңой — «O!Деньги» капчыгы аркылуу, жеке кабинеттен ELQR аркылуу же каалаган O! терминалынан.

16.09.2024