Азыр сатып алып – кийин төлө! «Мой О!» тиркемесинде товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө бөлүп төлөө боюнча жаңы кызмат

Эми бөлүп төлөөгө күйүүчү майды гана эмес, башкаларын да сатып алса болот!

«Акча Булак» МКК «Топкарта» сервисинин аталышын «Кийин төлө» деп өзгөртүүдө. Кыргызстандыктардын ичинде популярдуу болгон бул кызмат өз мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө – «Мой О!» тиркемесинин колдонуучулары товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү май куюучу станциялардан гана эмес, башка дүкөндөрдөн жана сервистерден да бөлүп төлөө иретинде ашыкча төлөмсүз сатып ала алышат.

«Кийин төлө» кардарларга финансыларын башкаруу үчүн мурдагыдан да көп мүмкүнчүлүктөрдү сунуштап, дароо азыр төлөш керектиги тууралуу ойлонбостон зарыл товарларды сатып алуу мүмкүндүгүн түзүүдө. Колдонуучулардын ыңгайлуулугу үчүн «Кийин төлө» кызматынын өнөктөштөрүнүн тизмеси популярдуу дүкөндөр менен үзгүлтүксүз толукталып турат.

Ал эми күйүүчү майды бөлүп төлөө боюнча шарттар өзгөрбөгөн бойдон калат. «Кийин төлө» кызматы мурдагыдай эле Bishkek Petroleum жана PARTNER NEFT МКС тармактарынан үйдөн чыкпастан пайыздарсыз жана жашыруун комиссияларсыз 7 күнгө 10 000 сомго чейин алууга мүмкүндүк берет.

«Акча Булак» МКК өз сунуштарын өнүктүрүүнү улантып, аларды жеткиликтүүрөөк, ыңгайлуураак жана пайдалуураак кылууга умтулат!

28.08.2024